Өзгөндө 75 жаштагы айдоочу унаасын артка берип жатып окуучуну тебелеп алды
Кечээ, 25-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында тротуарда бара жаткан окуучуну сүзүп кеткен жол кырсыгы боюнча облустук ЖКККБдан маалымат берилди.
Маалымдалгандай, Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаанын 75 жаштагы айдоочусу артка айдап жатып 12 жаштагы өспүрүмдү сүзүп алды. Натыйжада, өспүрүм Куршаб аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин айдоочу унаасын артка айдап жатып тротуарда бара жаткан эки окуучунун бирин тебелеп кеткен видео тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















