Бекешев ЖРТнын биринчисин мамлекет, экинчисин бүтүрүүчү өзү төлөшүн сунуштады (видео)
Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөнү санариптештирип, абитуриенттерге тестти эки жолу тапшырууга мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ЖРТны өткөрүүгө жылына 84 миллион сом сарпталат. Ал жыйында тестти биринчи жолу тапшыруунун акысын мамлекет төлөп берсин деген сунушун айтты.
"Коңшу мамлекеттер санариптештирүү багытында иш алып барып жатышат, биз болсо артта калып калдык чынында. ЖРТны эки жолу тапшырууга мүмкүнчүлүк бар экен. Биринчисин мамлекет төлөп берсин, экинчисин окуучулар өздөрү төлөшсүн", — деди ал.
Мындан тышкары, Бекешев айрым факультеттерде абитуриенттер жетишпей жаткандыктан, аларга ЖРТнын жыйынтыгын талап кылбастан студент кабыл алууга уруксат берүү керектигин белгиледи.
"Биз ата-энелерден акча алып, балдарды стресске салып, анан бирөө университетке барат, бирөө барбайт дейбиз. Негизи бул мамлекетке керек да", — деди эл өкүлү.
Бекешев ЖРТнын бир жолкусун мамлекет, экинчисин бүтүрүүчү өзү төлөшүн сунуштады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















