Эмгекчил айылына 135 миллиондук мектеп курулууда
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бур тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 135 миллион сомду түзөт.
"Эки кабаттуу мектептин имаратында окуу кабинеттеринен тышкары спорт залы жана өтмө галерея каралган. Имараттын жалпы аянты 1604 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда имараттын биринчи кабатынын дубалдары тургузулду",- деп кошумчалады мекеме.
Курулуштун сапаты жана жүрүшү министрликке караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















