Ысык-Атадагы мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды (видео)
Ысык-Ата районундагы Нурманбетов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланып, анын айланасы иретке келтирилди. Бул тууралуу бүгүн 27-ноябрда Жаратылыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мекеменин адистери жүргүзгөн мониторинг учурунда таштандылардын өрттөнүп жана чоктоп күйүп жаткан учурлары аныкталган.
"Өрттүн кесепетинен абага зыяндуу газдар бөлүнүп чыгып, айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына коркунуч жаралган. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жооптуу өкүлдөрүнө көрсөтмөлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү",- деп кошумчалады мекеме.
Ысык-Атада таштанды төгүүчү жай ирээтке келтирилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















