super.kg logo

"Ушул кылганыңар уят да". Жол куруучунун техникасын тоноп кетишкен (видео)

 

Жол куруучу өзү иштеп айдап жүргөн катокту (жолду тегиздеп, тыгыздоочу атайын техника) белгисиз адамдар тоноп кеткенин айтып, нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.

Видеодо жол куруучу катокту жумуштан кийин токтотуп кеткенин, эртеси келгенде анын аккумулятору менен стартери жок болуп чыкканын айтат. Ошондой эле антифризди да уурдоого аракет кылып, бирок аны жерге төгүп салышканын белгилеген.

"Жаш балдар кылды дейин десең, алар стартерди эмне кылмак эле? Чоң эле бирөө кылган. Уят да. Кармалып калсаңар, аябай уят болосуңар. Андан көрө, ушул видеону көрүп жатсаңар, алып келип койгула", — деп кайрылган ал.

Видеодо окуя кайсы жерде болгону тууралуу маалымат айтылган эмес.






"Ушул кылганыңар уят да". Жол куруучунун техникасын тоноп кетишкен (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: