super.kg logo

Казакстанда Кыргыз жарандарынын банктык эсеби мыйзамсыз колдонулганы айтылууда

 

Казакстанда Кыргызстандык жарандардын банктык эсептери аркылуу мыйзамсыз операциялар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда коңшу өлкөнүн басылмалары билдирди.

Маалым болгондой, Алматы шаарында үч адам кыргызстандыктардын банктык эсептерин колдонуп, мыйзамсыз криптовалюталык операцияларды жүргүзүүгө жана онлайн-казинолорду каржылык жактан тейлөөгө шектелди. Жалпы банктык эсептери аркылуу өткөн каражаттын көлөмү 3,6 миллиард теңгеден (болжол менен 700 миллион сом) ашты.

"Шектүүлөр негизинен кыргыз студенттерди жана каржылык жактан кыйналган жаштарды өздөрүнө тартышкан. Алардын банктык эсептерин белгилүү бир акчага сатып алып, Казакстанга чакырышып, чыгымдарды каржылашкан. Жарандар банктык эсептерин өткөрүп бергенден кийин Кыргызстанга кайтышкан, бирок алардын банктык эсесптери каржылык операцияларда колдонула берген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул эсептер аркылуу криптовалюталарды лицензиясыз сатып алуу жана сатуу операциялары жүргүзүлгөн. Ошондой эле, онлайн-казинолорго акча кабыл алуу, утуштарды төлөө жана мыйзамсыз кирешелерди криптовалютага которуу кызматтары көрсөтүлгөн. Шектүүлөр мындай кызматтары үчүн түшкөн каражаттын 4 пайызын алып турушкан", - деп билдирди басылмалар.

Иш боюнча шектүүлөр үй камагына алынып, соттун чечими менен үч унаа жана жер тилкеси мамлекеттин карамагына алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: