SWIFT системасында евронун үлүшү тарыхый минимумга жетти
Октябрь айында SWIFT эл аралык банктар аралык төлөм системасында евронун үлүшү тарыхый минимумга жетип, 20,82 пайызды түздү. Бул тууралуу системанын маалыматтарына таянып чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, сентябрь айына салыштырмалуу евронун үлүшү 0,87 пайыздык пунктка төмөндөгөн. Буга чейинки эң төмөнкү көрсөткүч март айында катталып, 21,3 пайызды түзгөн.
Ал эми АКШ долларынын үлүшү 1,67 пайыздык пунктка өсүп, 51,3 пайызга жеткен.
Октябрь айында SWIFT системасында эң көп колдонулган валюталар:
* АКШ доллары — 51,3 пайыз;
* Евро — 20,82 пайыз;
* Британиянын фунт стерлинги — 7,02 пайыз;
* Япониянын иенасы — 3,76 пайыз;
* Кытайдын юаны — 2,95 пайыз.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары бир катар өлкөлөр SWIFT системасына альтернатива катары өздөрүнүн каржылык маалымат алмашуу жана эл аралык төлөм системаларын иштеп чыгышкан. Алардын арасында Орусия, Кытай жана Индия бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















