Казакстанда Кыргыз жарандарынын банктык эсеби мыйзамсыз колдонулганы айтылууда
Казакстанда кыргызстандык жарандардын банктык эсептери аркылуу мыйзамсыз операциялар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда коңшу өлкөнүн басылмалары билдиришти.
Маалым болгондой, Алматы шаарында үч адам кыргызстандыктардын банктык эсептерин колдонуп, мыйзамсыз криптовалюталык операцияларды жүргүзүүгө жана онлайн-казинолорду каржылык жактан тейлөөгө шектелди. Жалпы банктык эсептери аркылуу өткөн каражаттын көлөмү 3,6 миллиард теңгеден (болжол менен 700 миллион сом) ашты.
"Шектүүлөр негизинен кыргыз студенттерди жана каржылык жактан кыйналган жаштарды өздөрүнө тартышкан. Алардын банктык эсептерин белгилүү бир акчага сатып алып, Казакстанга чакырышып, чыгымдарды каржылашкан. Жарандар банктык эсептерин өткөрүп бергенден кийин Кыргызстанга кайтышкан, бирок алардын банктык эсесптери каржылык операцияларда колдонула берген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул эсептер аркылуу криптовалюталарды лицензиясыз сатып алуу жана сатуу операциялары жүргүзүлгөн. Ошондой эле, онлайн-казинолорго акча кабыл алуу, утуштарды төлөө жана мыйзамсыз кирешелерди криптовалютага которуу кызматтары көрсөтүлгөн. Шектүүлөр мындай кызматтары үчүн түшкөн каражаттын 4 пайызын алып турушкан",- деп билдиришти басылмалар.
Иш боюнча шектүүлөр үй камагына алынып, соттун чечими менен үч унаа жана жер тилкеси мамлекеттин карамагына алынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















