“Баламды зордуктап, “айтсаң апаңды өлтүрөм” деп коркуткан”. Сокулуктагы окуя (видео)
Сокулук районунда жашы жете элек эки балага карата сексуалдык зомбулук болгон деген маалымат коомчулукта чоң резонанс жаратты.
Окуя боюнча балдардын апасы, жакын тууганы жана адвокат Адилет Мээрканов SUPER.KG порталына маек беришти. 10, 14 жаштагы балдардын зомбулукка кабылышы боюнча окуянын чоо-жайын айтып, тиешелүү органдардан адилеттүү териштирүүнү күтүп жатышканын билдиришти.
7 баланы жалгыз тарбиялап жаткан эненин айтымында, 10 жана 14 жаштагы уулдары кошунасынын зомбулугуна кабылган. “Биздин үйгө келгенде балдардын абалы начар, апасы нес абалда болчу”, — дейт жабырлануучунун жакыны. Эненин оор психологиялык абалы, балдардын башынан өткөргөн окуясы жана үй-бүлөнүн азыркы абалы өзгөчө тынчсызданууну жаратууда.
Юрист Адилет Мээрканов бул иш акыйкат тергелиши керек экенин белгиледи.
Видеону толугу менен порталыбыздын Ютуб каналынан көрүңүз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















