super.kg logo

Чынара Батракеева: "ЖРТдан упай кошуп койгула деп депутаттар да чалат" (видео) 

 

Бүгүн 27-ноябрда Жогорку Кеңештин "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобунун жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева айрым депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер окуучулардын упайын көбөйтүү өтүнүчү менен телефон чаларын билдирди.

"Жыл сайын мамлекеттик кызматкерлер, азыркы чакырылыштын депутаттары да чалып, “баланча балага упай кошуп койгула, алтынга жетпей калыптыр” деген учурлары болот. Мамлекеттин колдоосу менен көз карандысыз борбор болуп түзүлгөн. Эгер мамлекетке өткөрүп, бул механизмди жоготуп алсак, коррупциялык көрүнүштөргө жол ачылышы мүмкүн", — деди Батракеева.

Депутаттык топтун жетекчиси Дастан Жумабеков андай чалуулар болгон болсо, алардын аты-жөнүн ачык айтууну талап кылды.

"Же сөзүңүздү артка алыңыз, же ошол депутаттардын аты-жөнүн жазуу жүзүндө бериңиз. Бул боюнча сизден жооп күтөбүз", — деди Жумабеков.






Чынара Батракеева: "ЖРТдан упай кошуп койгула деп депутаттар чалат..." (видео) 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: