"Убакыт токтоп калгандай…" "Ала-Тоо Резорттун" ак карга оронгон кооз көрүнүшү (видео)
Кечээ, 27-ноябрда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" тоо курортунда кар жаап, аймакка кыштын өзгөчө көркү кирди. Курорттун кооз көрүнүшүн соцтармактын колдонуучуларынын бири видеого тартып, баракчасына жүктөгөн.
"Кар жаап жатат, убакыт токтоп калгандай. "Ала-Тоо Резорттун" эң кооз учуру. Бул кышта келүү үчүн видеону сактап коюңуз", — деп жазган ал.
"Ала-Тоо Резорт" — Ысык-Көл облусунун Жыргалаң капчыгайында курулуп жаткан төрт мезгилдүү ири тоо лыжа курорту жана тоо кластери. Курорттун биринчи этабынын ачылышы 1-декабрга пландалган. Ал эми лыжа трассалары 2-декабрдан тарта иштей баштайт. Анда 47 чакырымдан ашык лыжа трассасы, алты асма жол, жабдууларды ижарага алуу пункттары жана эс алуучулар үчүн башка шарттар каралган.
"Убакыт токтоп калгандай…" "Ала-Тоо Резорттун" ак карга оронгон кооз көрүнүшү (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















