super.kg logo

Бишкектеги таштанды заводу 187,8 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрдү

 

Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн экотехнологиялык завод бир жыл ичинде 187,8 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу кечээ 27-ноябрда муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ноябрынан 2026-жылдын ноябрына чейин заводго жалпы 401 миң 479 тоннадан ашык таштанды жеткирилген. Учурда ишкана суткасына 1 000-1 200 тонна калдыктарды кайра иштетип, кубаттуулугу 30 мегаваттка чейинки электр энергиясын өндүрөт.

Долбоордун кийинки этабында суткасына кошумча 2 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 60 мегават электр энергиясын өндүрө турган экинчи заводду куруу пландалууда.

Долбоор таштандыларды кайра иштетүүнү көбөйтүүгө, полигонго көмүлүүчү калдыктардын көлөмүн азайтууга жана борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.

Эске сала кетсек, заводго таштандылар 2025-жылдын ноябрь айынан тарта жеткириле баштаган. Ишкананын расмий ачылышы былтыр 27-декабрда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: