Дамир Осмонов Өзбекстанда КМШнын саламаттыкты сактоо боюнча жыйынына катышты
Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов баштаган Кыргызстандын делегациясы Өзбекстанда өткөн КМШнын Саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтык боюнча кеңешинин 39-жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, делегациянын курамына өлкөдөгү тиешелүү улуттук борборлордун жетекчилери да кирген.
Жыйын КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана 2026-жылдын Саламаттыкты сактоо жылы деп жарыяланышына байланыштуу өзгөчө мааниге ээ болду.
Министрликтен белгилешкендей, аталган демилге адамдын ден соолугу, бакубат жашоосу, өмүрүнүн узактыгы жана сапаты мамлекеттер аралык кызматташтыктын негизги баалуулуктарынын бири экенин айгинелейт.
Белгилей кетсек, 2026-жылды Саламаттыкты сактоо жылы деп жарыялоо чечими КМШга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан 2022-жылдын 14-октябрында кабыл алынган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















