super.kg logo

"Үйлөрдү кара түтүн каптайт". Токмоктун тургуну президентке кайрылды (видео)

 

Кечээ, 27-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу Токмок шаарындагы Сахзавод аймагында жайгашкан жүн жуучу заводдон чыккан кара түтүнгө нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал жарыялаган видеодо заводдон коюу кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Колдонуучунун айтымында, бул көрүнүш күн сайын кайталанып, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Айрыкча балдарын сыртка чыгара албай, таза аба киргизүү үчүн эшик-терезелерин ача албай жатышканын билдирди.

"Канча деген мэр алмашты, бирок бул маселени эч ким чечип бере алган жок. Канча жерге кайрылдык. Түз эле президентке кайрылыш керек окшойт. Тегерек четинде канча деген адам жашайт. Бул кара түтүн үйлөрдү дагы каптайт", — деди ал.






"Үйлөрдү кара түтүн каптайт". Токмоктун тургуну президентке кайрылды (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: