Тойдо жашы жете элек баланы көкүрөккө тепкен өспүрүмгө айып пул салынды
Социалдык тармактарда үлпөт той учурунда өспүрүмдүн жашы жете элек баланы көкүрөккө тепкен видеосу тараган. Бул окуя боюнча 17 жаштагы өспүрүм аныкталып, айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 25-ноябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталган. Текшерүү учурунда жабыркаган бала, анын ата-энеси жана аны тепкен өспүрүм аныкталды.
Натыйжада 17 жаштагы Н.Н.га карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси боюнча протокол түзүлүп, материалдар райондук сотко жөнөтүлдү.
Соттун чечими менен өспүрүмгө айып пул салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















