Кыргызстанда кореялык инвесторлор үчүн атайын колдоо борбору ачылды
Кыргызстанда кореялык ишкерлерди колдоо максатында Korean Desk адистештирилген терезеси ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземи кореялык ишкерлерди колдоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйынынын алкагында өттү. Ага агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванг Дже жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жыйында тараптар өнөр жай, энергетика, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, айыл чарба, медицина жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Равшанбек Сабиров Кыргызстандын кореялык инвестицияларды тартууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Анын айтымында, биргелешкен долбоорлор борбор калаанын гана эмес, өлкө аймактарынын да өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү керек.
Ошондой эле агенттиктин Кореяга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар алдыңкы компаниялар жана каржы институттары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызматташтык меморандумдарына кол коюлду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















