БУУ дүйнөнүн 16 аймагында ачарчылык күчөшү мүмкүн экенин эскертти
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) маалыматына ылайык, жакынкы 6 айда дүйнөнүн 16 аймагында ачарчылык күчөшү мүмкүн.
Эксперттердин айтымында, азык-түлүк кризисинин негизги себептери — куралдуу кагылышуулар жана зордук-зомбулук. Бул факторлор кооптуу абалдагы 16 аймактын 12синде негизги себеп болуп саналат.
Өзгөчө Судан, Түштүк Судан, Сомали, Йемен жана Нигериянын айрым аймактарындагы абал тынчсыздандырууда. Бул аймактарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардам 2022-2025-жылдары 5,1 миллиард доллардан 2 миллиард долларга чейин кыскарган.
Мындан тышкары, Афганистан, Конго Демократиялык Республикасы, Палестина жана Гаити да коркунуч жаралган аймактардын катарына кирген. Гаитиде куралдуу зомбулуктун күчөшүнөн улам 1,5 миллионго жакын адам жер которууга аргасыз болгон.
БУУ климаттын өзгөрүшүн, анын ичинде "Эль-Ниньо" кубулушун да азык-түлүк тартыштыгынын себептеринин бири катары белгилейт. Өзгөчө Түштүк Африканын айрым аймактары, Уганданын түндүк-чыгышы жана Борбордук Американын "Кургак коридору" коркунучта экенин белгилейт.
Божомол боюнча, 2027-жылдын аягына чейин бул аймактарда 49 миллионго жакын адам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















