super.kg logo

БУУ дүйнөнүн 16 аймагында ачарчылык күчөшү мүмкүн экенин эскертти

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) маалыматына ылайык, жакынкы 6 айда дүйнөнүн 16 аймагында ачарчылык күчөшү мүмкүн.

Эксперттердин айтымында, азык-түлүк кризисинин негизги себептери — куралдуу кагылышуулар жана зордук-зомбулук. Бул факторлор кооптуу абалдагы 16 аймактын 12синде негизги себеп болуп саналат.

Өзгөчө Судан, Түштүк Судан, Сомали, Йемен жана Нигериянын айрым аймактарындагы абал тынчсыздандырууда. Бул аймактарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардам 2022-2025-жылдары 5,1 миллиард доллардан 2 миллиард долларга чейин кыскарган.

Мындан тышкары, Афганистан, Конго Демократиялык Республикасы, Палестина жана Гаити да коркунуч жаралган аймактардын катарына кирген. Гаитиде куралдуу зомбулуктун күчөшүнөн улам 1,5 миллионго жакын адам жер которууга аргасыз болгон.

БУУ климаттын өзгөрүшүн, анын ичинде Эль-Ниньо кубулушун да азык-түлүк тартыштыгынын себептеринин бири катары белгилейт. Өзгөчө Түштүк Африканын айрым аймактары, Уганданын түндүк-чыгышы жана Борбордук Американын "Кургак коридору" коркунучта экенин белгилейт.

Божомол боюнча, 2027-жылдын аягына чейин бул аймактарда 49 миллионго жакын адам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: