super.kg logo

Ошто Мээркан айылынын жолу толугу менен асфальтталды (видео)

 

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Мээркан айылында жаңы жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен жолугушууда жергиликтүү тургундар аталган жолду оңдоп берүү өтүнүчүн билдиришкен. Натыйжада элдин көптөн берки көйгөйү чечилип, жол толугу менен асфальтталды.

Ошондой эле жолго чийиндер түшүрүлүп, белгилер орнотулду жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды. Буга чейин шагыл төшөлгөн жол айдоочуларга да, жөө жүргөндөргө да ыңгайсыздык жаратып келген.

Мындан тышкары, айылдын башка көчөлөрүндө да жол куруу жана оңдоо иштери этап-этабы менен улантылууда.






Ошто Мээркан айылынын жолу толугу менен асфальтталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: