“Аалам сулуусу-2026” сынагына катышкан Медина Эрмекова Кыргызстанга кайтып келди
“Аалам сулуусу-2026” эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан чыккан Медина Эрмекова мекенине кайтып келди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Эрмекова Кыргызстанды эл аралык сахнада таанытуу чоң сыймык болгонун айтып, эсте каларлык сапардан кийин мекенине кайтуу өзгөчө сезим жаратканын белгиледи.
“Дүйнөнүн жолдору канчалык кооз болбосун, сүйүктүү мекенибизден жакын, андан кымбат жер жок. Кыргызстан, сен ар дайым жүрөгүмдөсүң!” - деп жазды ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















