Бишкектеги жаңы тергөө абагына №108 автобус каттамы ачылат
Жаңы тергөө абагына коомдук транспорт аркылуу жетүүнү жеңилдетүү максатында Бишкек шаарында №108 жаңы автобус каттамы ишке киргизилет. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамды тейлөө үчүн жалпысынан 8 автобус бөлүнүп, алар жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыздайт.
"Жаңы каттамдын ишке кириши тергөө абагына баруучу жарандар үчүн жол жүрүүнү кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган. Ошондой эле бул демилге шаар тургундарын коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Жакынкы күндөрү №108 каттамындагы автобустар бекитилген багыт боюнча каттай баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















