1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылды

1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун канцеляриясы билдирди.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 23-ноябрында Бишкекте 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кыз катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Г.Дубанаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөө учурунда Дубанаева Гүлмира Мирананын жеңеси экендиги аныкталган. Ал Мирананы 1 айдан бери карап, бул убакыт аралыгында ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туудурган залалдарды келтирген. Тергөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда, Гүлмира Дубанаева Мирананы кар жааган учурда муздак суу куюлган дагарага салып сыртка чыгарып койгондугу, кирдин суусун ичиргендиги, дубалга башын сүздүргөндүгү дайын болгон. Сурак учурунда Гүлмира Дубанаева жасаган кылмышын моюнуна алган.



Ошондогу ак сүтү оозунан кете элек Периштеде эмне күнөө
Өз балдары да болсо керек, балдарынын келечегин Кудайым жакшы кылып берсе экен,
энесинин акылы жоктугунан балдарына балта чабылды да, эх жашоо жашоо, кайда бартат!!!
Саламатсызбы!
Ал боюнча төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/54609/
Бактыгүл Таштанбекова, Мирананын апасы: "Кызым баштагыга караганда жакшы болуп калды. Бирок жакшы көрбөйт, сүйлөбөйт" деп билдирди. Бул шилтеме аркылуу өтүп, толук окуй аласыздар: http://www.super.kg/kabar/news/54715/