super.kg logo

Эркинбек Аппазов: "Акча каражаты убагында бөлүнсө, Кадамжай районунун аймактык ооруканасы 2015-жылы колдонууга берилет"      

 

Кадамжай районунда 150 орундуу оорукана курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы дарыгери Эркинбек Аппазов журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Долбоордун жалпы наркы 380 миллион сом. Курулуш иштери 2012-жылы башталган. Учурда 40 миллион сомдук жумуштар аткарылды. Эгер акча каражаты убагында бөлүнсө, 2015-жылы колдонууга берилет деп жатабыз”,- деди башкы дарыгер.  

Айта кетсек, 2011-жылдагы жер титирөө Кадамжай аймактык ооруканасынын имараттарын жараксыз абалга алып келген. Мындан улам жаңы оорукананы куруу муктаждыгы жаралган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: