super.kg logo

Бишкекте өкмөттүн курамы жаңы адамдардан түзүлүшүн талап кылган митингчилер тарашты (фоторепортаж)

 
Митингчилер Ак үйдүн алдына келе жатышат.
Митингдин жүрүшүнөн...
Митингчилер Кыргызстандын желегин желбиретип бара жатышат.
Иш-чаранын катышуучулары
Иш-чаранын катышуучулары.
Милиция кызматкерлери жана Ак үйдүн күзөтчүлөрү коомдук тартипти сактап турушат.
Милиция кызматкерлери жана Ак үйдүн күзөтчүлөрү коомдук тартипти сактап турушат.
Нааразылык акцияда "өкмөткө жаңы, таза адистер келсин" деген талаптар айтылды.
Нааразылык акцияда "Люстрация жөнүндөгү" мыйзам тез арада кабыл алынсын" деген талаптар да айтылды.
Митингдин катышуучулары...
ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев: "Эгер министрликке талапкер өз кызыкчылыгын гана ойлосо, мындай адамга парламентке жана өкмөткө жол бербешибиз зарыл".
ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев: "Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы таза, булганбаган, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө турган адамдардан түзүлүшү керек".
Митингчилер тарап жатышат.
Митинг аяктаган маал. Ак үйдүн астында эч ким калган жок.
1 саатка созулган митинг аяктап, Ак үйдүн астында эч ким калган жок.

Бүгүн, 26-мартта Бишкекте, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында “Коррупцияга каршы эл кыймылы: Люстрация” коомдук уюму өткөрүп жаткан митинг аяктады.

Иш-чарага аталган кыймылдын мүчөлөрүнөн тышкары "Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук бирикмеси, жалпысынан 80ге жакын адам катышты. 

"Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин лидери Алмазбек Жазыбаевдин айтымында, учурда өкмөттүн түзүлүп жаткан курамына эски министрлер кирбеши зарыл. “Эгер Жоомарт Оторбаев премьер-министр кызматына тандалса, анда биздин кыргыз жерибиз сатылат жана мамлекеттүүлүгүбүз жок болот, анткени ал чет өлкөлөргө мамлекеттик мүлктөрдү сатууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорго кол койгон”,- деди активист.

Нааразылык акциясынын жүрүшүндө эл алдына чыккан ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев: "Жаңы өкмөттүн курамы таза, булганбаган, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө турган адамдардан түзүлүш керек. Эгер министрликке талапкер өз кызыкчылыгын гана ойлосо, мындай адамга парламентке жана өкмөткө жол бербешибиз зарыл",- деп билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүнкү нааразылык акциясында “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу, министрлер кабинетинин курамын түзүүдө талапкердин кесиптик сапаттарына жана коомдук пикирге көңүл буруу, люстрация боюнча демилгенин мазмунуна калыс баа берүү боюнча талаптар айтылды.

Белгилей кетсек, люстрация (лат. lustratio) – айрым адамдарды мыйзамдык жактан чектеген саясий практика. Ал айрым жарандардын профессионалдык, диний, партиялык жана башка өңүттөгү ишмердүүлүгүн иликтеп, аларга мамлекеттик кызматта иштөөсүнө, профессионалдык ишмердүүлүгүн аткаруусуна тыюу салып, жеке турмушу тууралуу маалыматтардын ээн-эркин таркатылышына жол берет.


кошулду





Митинг. Өкмөттүн курамы жаңы адамдардан түзүлүшү керек дешүүдө

Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
26.03.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаз деген бул кыргызстанда митинг
SUPER.KG видео
26.03.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кагылайын элим курсагы ток бироону койуш керек коп жебейт ачкасын алып барып койобуз курсагын тойгузкуча 4 жыл отуп кетет экен.
SUPER.KG видео
26.03.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой кудай ай Кыргызстан митингсиз жашай албай калдыго.. Шайлоону эле таза откорсо таза мамлекет болот. Шайлоо таза отуу учун эл таза болуш керек элге байланыштуу деп ойлойм. Шайлоо убагында акчалуунун акчасын жеп, агитацияларды жургузуп анан акырында окмот жеп койду деп чыгасынар. Окмотко жедирбеш учун озубуз жебейли биринчиден.
SUPER.KG видео
26.03.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dagy 4ondorubuz bir nersesin boluwo albai kalywkan go. Baikuw eldi dun kylyp kaira mitingke 4ygarywyp. Jaz kelse bizde miting bawatalat. Andan koro jazynda jakwy maanai tartuulawsa bolmok jaz keleeri menen maanaidy 4ogorboi. Videonu korgonda jokmun bayagy eleda.
SUPER.KG видео
27.03.2014. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Даагы башталды!!! Ушунча болду алмаштыргыла эми!Тобо кылдым келечегибиз кандай болот экен? мамлекетибиз онолсо Россиядан кетээр элем! Кыргызстанды энсеген талаада канча кыргыздар журот мусаапыр болуп.Эх Алмаз Алмаз Озун эле кетчи!!!))))))
SUPER.KG видео
27.03.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЕММI и байкуштарым десе силерге куч кубат,ден-соолук берсин оз жеринерге аман эсен келгиле,кыргыз эли кучтуу ,кайраттуу. Онолобуз буйурса баары жакшы болот.
SUPER.KG видео
27.03.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Окмотко татыктуу адам болсо,Базир жакшы хан жакшы болмок беле дейм дааа.
SUPER.KG видео
27.03.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
баардыгын жаш,меккеге барып келген,аллахтан корккон,мусулман окмот болсо,иншаллах онолобуз
SUPER.KG видео
28.03.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jawtar chygywy kerek. Myndai biylik bolboit.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: