super.kg logo

Чек ара кызматы: “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев катардагы жаран катары документтерди текшерүү үчүн кармалды

 

Бүгүн, 27-мартта эртең менен “Манас” аэропортунда “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан кармалган. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева SUPER.KG порталына Бөлөкбаевдин кармалышы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, эртең менен аталган аэропортто документтерди кошумча иликтөө жана текшерүү жүргүзүлгөн. “Бөлөкбаев катардагы жаран катары текшерүүгө алынган. Ал убактылуу кармалып, тез эле бошотулган”,­- дейт Бөрүбаева.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-мартта эртең менен Эркин Бөлөкбаев аны “Манас” аэропортунда чек арачы кармаганы боюнча билдирүү жасаган. Ал интернет баракчасы аркылуу “Мен жаңы эле Москвадан келгем. Саат 4:55те мени “Манас” аэропортунун чек арадан өткөрүүчү жайында Улан Табалдиев аттуу чек арачы кармады. Кармоонун себебин айтпай, УКМКнын буйругуна шилтеме берип жатышат”,- деп жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: