super.kg logo

"Ысык-Көлдөгү кафе жана мейманканаларда тейлөөнүн сапаты начар болуп жатат" дейт Медер Тилекматов 

 

Ысык-Көл облусундагы кафелерде, мейманканаларда жана эс алуучу жайларда тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта маалымат жыйынында “Ысык-Көл Аврора” мамлекеттик санаторийинин жетекчиси Медер Тилекматов билдирди.

Анын айтымында, ушул жылы жергиликтүү калктын арасынан жогору квалификациядагы адистердин жетишпегендигине байланыштуу кафе жана пансионаттар жумушчуларды өлкөнүн башка тараптарынан издөөгө аргасыз болууда.

“Ушул маселени чечүү үчүн 2009-жылдан тартып Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында атайын окутуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин бизде окуган 800 киши жумушка орношту. 2014-жылы 650 кишини окутуу пландаштырылган”,- деди Тилекматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: