Ысык-Көл: Кыз-келиндер арасында өткөн оор атлетика боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү ноутбук менен сыйланды



Бүгүн, 28-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү Каныбек кызы Гүлназды ноутбук менен сыйлады. Маалым болгондой, кечээ Гүлназ штанга көтөрүүдө 1-орунду ээлеген.
Каптагаев ага ден соолук каалап, “сенин ийгиликтериң биздин аймакта спорттун өсүшүнө дем берет” деп куттуктады.
Белгилей кетсек, 19 жаштагы Гүлназ Каныбек кызы Тоң районунда туулган. Ал И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
only_progress

28.03.2014. 23:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноутбуктан тузугуроок нерсе деле берсе болмок, биринчи орунга ноутбук дегенди окуп алып уялып кеттим.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.