super.kg logo

Кыргызстан сапаттуу электр менен камсыздоодо дүйнө боюнча 119-орунда

 

Кыргызстан сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен дүйнөдө 119-орунду ээлейт. Ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча акыркы орундарда. Бул тууралуу «Юнисон» коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координатору Жаныбек Кулумбетов кабарлады.

Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, атайын жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын дээрлик 80 пайызы электр кубатын өчүрүүгө карата нааразычылыктарын билдирсе, 50 пайызы электрдин чыңалуусуна күч келгендиктен, тиешелүү 220 Вт мүмкүнчүлүктү ала албай жаткандыгын айтышкан.

«Шаар ичинде электрге күч келүү 58,5 пайыз болсо, айыл жергелеринде 44,3 пайызды түзөт. Ошону менен катар 20 пайыз керектөөчүлөр электр жабдыктарынын бузулуп, керектен чыккандыгын айтышкан. Бирок анын ичинен болгону 3 пайызы гана тарткан зыяндары үчүн төлөм каражатын алган»,- деп кошумчалайт Ж.Кулумбетов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: