Бүгүн Баткен облусунун өкүлчүлүгүндө кыргыз-тажик чек арасын көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча жыйын болуп өттү




Бүгүн, 31-мартта Баткен облусунун өкүлчүлүгүндө кыргыз-тажик чек арасын күчөтүү боюнча жыйналыш болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Анда бир катар чек ара маселеси каралып, Баткен облусундагы чектешкен аймактарда КР Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана Коргоо министрлигинин бөлүктөрү менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте атайын иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Ошону менен бирге быйыл Лейлек районуна 2 чек ара тозоту жана Баткен районуна 2 чек ара тозоту бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.