Дыйкандарга жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө 1,5 миллиард сомдон ашуун насыя берилди
2014-жылдын 31-мартына карата “Айыл чарбаны каржылоо-2” долбоорун ишке ашыруунун алкагында дыйкан жана фермер чарбаларына, ата мекендик айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө жалпы наркы 1 миллиард 544 миллион 220 миң сомго барабар 5165 жеңилдетилген насыя берилди.
Жеңилдетилген насыяларды алууда Чүй облусунун дыйкандары жигердүүлүктү көрсөтүүдө. Алар 378 641,00 миң сом көлөмүндө 966 насыя алышты. Ал эми айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр менен үрөнчүлүк чарбаларына 21 насыя иретинде 90 900,00 миң сом берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.