Ош облусунда 22 миңден ашуун жаран ишембиликке чыгышты
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Ош облусунун калктуу конуштарынын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү максатында эки айлык ишембилик өткөрүү жөнүндө буйрук кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Маалыматка ылайык, облустун бардык аймактарында 31-мартта ишембиликтер болуп, жалпы облус боюнча 22 316 адам катышты. Катышуучулар тарабынан бактар тигилип, мекеме-уюмдардын айланалары тазаланып, ички жолдор жана тротуарлар оңдолду. Андан тышкары каналдар жана арыктар казылды.
Айта кетсек, Ош облусунда март, апрель, май айларында ар жуманын соңунда ишембиликтер өткөрүү пландалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
tolkun85

01.04.2014. 11:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы иш аракеттер азаматсынар шаарыбыз гулдой берсин
Mech.kg

01.04.2014. 14:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар бир кун эмес ар ишемби куну чыгыш керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.