Бүгүн, 1-апрелде Тажикстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси өтөт
Бүгүн, 1-апрелде КРнын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Өмүралиев Тажикстанда өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тажикстан Республикасынын Коргоо министри Шерали Мирзо баштаган кеңешме өлкөнүн Кайрак-Кум шаарында өтөт. Ага Казакстандан Адилбек Жаксыбеков, Орусиядан Сергей Шойгу, Кытайдан Чан Ваньцюан, Өзбекстандан Баходир Тошматов катышат. Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер 2013-жылдан тарта кызматташтыктын жыйынтыгын жана анын алдынкы өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















