super.kg logo

Бээжинде “Силер дүйнөгө ажар алып келесиңер” сыйлыгынын лауреаттары салтанаттуу түрдө сыйланышты

 

29-мартта Кытайдын Бээжин шаарында “Силер дүйнөгө ажар алып келесиңер” сыйлыгынын лауреаттарына сыйлык тапшыруу салтанаты өткөрүлдү. 

Бул жылы сыйлыкка жалпысынан 11 талапкер көрсөтүлгөн. Кыргызстан быйыл биринчи жолу дунган диаспорасы менен катышкан. Сынакта талапкер катары Чүй облусунун Милянфан айылы да көрсөтүлүп, сыйлыкка ээ болду. 

Сыйлык тапшыруу аземине КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Кыргызстандагы Дунган коомдук бирикмесинин президенти Бахадыр Сулайманов катышты. 

"Бул сыйлык кыргыз-кытай карым-катнашын, тилектештигин даңазалап, кызматташтыгын бекемдейт" деп билдирет КРнын Кытайдагы элчилигинин басма сөз кызматы. 

Белгилей кетсек, жогорудагы сынак 1996-жылы уюшулган. Аталган сыйлык Кытай цивилизациясынын өнүгүшүнө салым кошкон маданият, искусство, илим, техника, саясат жаатындагы ишмерлерге, спорт чеберлерине, окумуштууларга ыйгарылып келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: