super.kg logo

Кыргызстандын Улуттук оппозициялык кыймылы митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечимди сынга алды

 

Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана Өкмөт үйүнүн жанында тынчтык митингдерин өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечимин кескин түрдө айыптайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде аталган кыймылдын басма сөз кызматы жарыялады.

Кайрылууга таянсак, анда "сот жогорудагы чечимди расмий бийликтин кысымынын астында кабыл алган" деп жазылат жана "митинг өткөрүүгө тыюу салуу - адам укугун бузуу" деген ой камтылат. 

"Биринчи Май райондук сотунун чечими 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган КРнын Конституциясынын 34-беренесинин 1, 2, 3-пункттарына карама-каршы келет. Баш мыйзам боюнча ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу жана уюштуруучулар бийлик органдарына билдирме берүү менен гана чектелет" деп жазылат кайрылууда.

"Мындан тышкары адам укугун бузган мындай чечимдер качып кеткен президенттер Акаев менен Бакиевдин тушунда кабыл алынып, авторитардык бийликтин тамыр жайышына шарт түзгөн. Бирок адам укугун тебелеген акаевдик-бакиевдик соттун чечимдери бийликти элдин толкунунан сактап кала алган жок",- деп кайрылды оппозициялык кыймыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.04.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп эле Бийликтен кенден кийин ушинте беришет! Эртең Жантөрөда ушулардын катарында бийликти жамандаса таң калбайм!
01.04.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara_kulzha, чын,мен да тан калбайм
01.04.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Улуттук"деп улуттун кадыр-баркын түшүрбөгүлөчү, улуу урматтуу оппозиция өкүлдөрү.! Силерди деле убагында көргөнбүз Бакиевдин колтугунда жүргөнүңөрдө.... Ошондо кыйратпаган эми эмнени кыйратмак элеңер..!?
01.04.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртен бирдик учун 4сом, май айында свет акысы 2 эсе кымбаттаса да тан калып отура бериш кыйын го, митинге тыю салынган деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: