Ысык-Көл облусунда бак-дарак отургузуу, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат
Ысык-Көл облусунда бак-дарак отургузуу, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде аталган облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир айыл өкмөтүнүн 1 гектар аймагында ийне жалбырактуу жана жөнөкөй жалбырактуу бак-дарактар отургузулат. Бүгүнкү күнү облустун ар бир районунда ушундай иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары 3 айдын ичинде Ысык-Көл облусунда жергиликтүү жарандар менен түшүндүрүү жумуштары пландалган. Ошондуктан облустук телеберүүлөрдө санитардык тазалоо жөнүндө атайын репортаждар көрсөтүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.