Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары борбордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча программасы менен таанышты
Кечээ, 1-апрелде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын 2018-жылга чейинки борбордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча программасынын долбоору менен тааныштырды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мэр эл өкүлдөрү менен борбордун өнүктүрүү концепциясын жана негизги багыттарын талкуулады. Жакынкы аралыкта аталган программа коомдук талкууга жарыяланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.