Диего Марадона сүйүктүүсүн ууру тутуп, ажырашууну туура көрдү

Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона 23 жаштагы сүйүктүүсү менен ажырашты. Ажырашуунун себеби катары Марадона сүйүктүүсү, модель Росио Оливанын уурулук кылганы менен байланыштырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Марадона менен Росио Дубайда чогуу жашап келишкен. Экс-футболчунун үйдө жоктугунан пайдаланып, сүйүктүүсү үйдөгү баалуу буюмдарды жана акча каражаттарын уурдап алган.
Ал эми 23 жаштагы Росио Олива бул кырдаал тууралуу ой бөлүшүп: “Мен эч нерсе уурдаган жерим жок. Биздин мамилебиз уланат. Көптөгөн адамдар биздин мамилеге жолтоо болууга аракет кылып келишет. Бул жолу алар максатына жеткендей болушту”,- деп билдирет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KG_barsbek

02.04.2014. 19:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз менен коруп, кулак менен укмайынча, ар кандай айтылган кабарларды сразы чындык деп кабыл алуу эртелик кылат. Далилдер бир канча убактан кийин баари бир калкып чыгат, андыктан бироону куноолоодон алыс болуп туруш керек. Кээде куноолуу адамдар, куноосуз адамды да куноолуудой коргозуп койгон жагдайларга туш болгонмун. Негизи ар кандай келишпестикти ырбатпай, ким менен мамиле бузулса ошол менен гана проблеманы чечуу туура.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.