super.kg logo

Кыргызстандын түштүк аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында чаралар көрүлүп жатат

 

Кыргызстандын Ош жана Баткен облустарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мекеменин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору тарабынан 2014-жылы республиканын калктуу аймактарын жана жашоо тиричиликти камсыз кылуучу объектилерин селдерден, суу ташкындарынан жана башка табигый кырсыктардан коргоо максатында бекитилген мерчемдин негизинде атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары 6 объектиде жүрүп жатат. Алардын ичине Ош облусу боюнча 3, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2 объект кирет.

Ош облусу

1. 2014-жылдын 24-мартынан тарта Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак-1 аймагында суунун нугун буруу жана коргоочу тосмо салуу иш-чаралары жасалууда.

2. 13-марттан тарта Ноокат районунун Ынтымак айылдык аймагында, Беш-Буркан айылында жана Ак-Сай сел өткөрүүчү каналын тазалоо иштери жүрүүдө.

3. 27-апрелден баштап Араван районунун Чек-Абад, Шор-Булак айылындагы сел өткөрүүчү каналды куруу иш-чаралары башталат.

Ош шаары

1-апрелден баштап Жапалак аймактык башкармалыгынын Тээке айылындагы Кайырма каналынын 5400 метр аралыгын казып тазалоо иш-чаралары аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө 750 метр жол тазаланды.

Баткен облусу

28-февралдан баштап Баткен районунун Самаркендек, Орто-Сай аймагында сайлардын нугун тазалоо жана бекемдөө иш-чаралары жасалууда.

1-апрелде Баткен районунун Дара, Чек айылындагы Өрүкзар аймагында 8х4 көлөмүндөгү ички чарбалык көпүрөнүн курулушу башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: