super.kg logo

Ошто "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгынын" ачылышы болуп өттү (фоторепортаж)

 
Ош шаарынын Жаштар комитетинин милдетин аткаруучу Эрнис Кулназаров жаштарды кайрымдуулук кылууга чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Step by Stеp" бийчилер тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ош шаарынын жаштарынан флешмоб тартууланды.
Ош шаарынын жаштарынан флешмоб тартууланды.
Кайрымдуулук жумалыгынын ачылышына келген көрүүчүлөр иш-чараны жакшы маанайда кабыл алышты.
«Youth of Osh» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акмарал Сатимбаева.
Иш-чарада ОшМУнун студенттеринин аткаруусунда "Маш ботой" күүсү жаңырды.
Концерттик программада "Step by Stеp" бийчилер тобу бийлөөдө.
Түштүк "Айкидо" федерациясынын мүчөлөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Түштүк "Айкидо" федерациясынын мүчөлөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Келген көрүүчүлөр таланттардын өнөрлөрүн жакшы маанайда кабыл алышты.

Бүгүн, 7-апрелде Ош шаарындагы "Алымбек датка” эс алуу аянтында “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014” иш-чарасынын ачылышы болуп өттү. Анда бир катар жаштар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Мындай иш-чара Кыргызстан боюнча өтүп, 13-апрелге чейин созууларын «Youth of Osh» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акмарал Сатимбаева белгилеп, бардык жаштарды активдүү катышууга чакырды.

Буга чейин айтылгандай, жакшылык жумалыгында өлкөнүн бардык аймагындагы жаштар "Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!” аттуу ураан менен колдоого муктаж адамдар үчүн социалдык иш-чараларды уюштурушат.  

Жумалыкты өткөрүү демилгесин "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014” кампаниясы көтөрсө, долбоор USAID тарабынан каржыланган. Ошондой эле Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» программасынын демилгеси менен «Инстрим» коомдук фонду жана "Youth of Osh” коомдук биримдиги тарабынан жөнгө салынып келет. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: