super.kg logo

Бишкекте өткөн "Акыл таймаш" интеллектуалдык оюнунда Ысык-Көлдүн студенттери жеңүүчү болушту

 
5-6-апрель күндөрү Бишкек шаарында жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында «Акыл таймаш-2014» республикалык интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш-чарага республиканын облустарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринен куралган 24 тайпа катышты. 
Аталган интеллектуалдык таймаштын суроолору тарых, философия, логика багытында жана салттык суроолор болуп, тапшырмалар КР Улуттук илимдер академиясынын профессор-окутуучулары тарабынан түзүлдү. Ошондой эле Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия калыстык кылды. 
Таймаштын жыйынтыгы менен баш байгени алган К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «ЫМУ» тайпасынын ар бир мүчөсү 1 жылдык мөөнөттөгү 750 сомдук стипендияга ээ болуп, өтмө кубокко татыктуу болду. 
2-орун менен 10 миң сом акчалай сыйлыкка М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинен түзүлгөн «Бийиктик» тайпасы, ал эми III даражадагы диплом жана 8 миң сом акчалай сыйлык менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган «Даанышман» тайпасы сыйланды. 
Мындан сырткары «Акыл таймаш-2014» таймашынын активдүү катышуучулары кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. Таймаштын максаты - университеттер арасында байланыш түзүп, кызматташтыкка жол ачуу, студенттер арасында ынтымакты, достукту жана биримдикти чыңдоо менен жаштардын так жана жыйынтыктуу ойлоно билүүсүнө өбөлгө түзүү. 
Иш-чарага «Ыйык Ата Журт» жаштар коомдук фонду менен «Эгемендик» коомдук бирикмеси демөөрчүлүк кылган. Кошумчалай кетсек, «Акыл таймаш» сынагы ЖОЖдордун студенттеринин арасында быйылкы окуу жылында төртүнчү ирет өткөрүлдү. Бул тууралуу таймашты уюштурган «Кеменгер» жаштар борборунан билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.04.2014. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо менин университетим алга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: