super.kg logo

Кыргызстанда 8-9-апрель күндөрү үшүк жүрүшү күтүлөт

 

8-9-апрелде түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги айрым жерлерде абанын температурасы 1…3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындан улам жаңы бүчүр алган жана гүлдөгөн мөмөлүү бактарды үшүк алат. Ири өлчөмдөгү зыянга, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүгө тийиш. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Чүй облусунун аймагында 2014-жылдын 7-апрели күнү ылдамдыгы секундасына 25 метрден 35 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

Жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиялары шамалдын кесепетин тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2014-жылдын 7-апрелинде ылдамдыгы секундасына 25 метрден 34 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Шаардык жарандык коргонуу комиссиясы шамалдын кесепетин тактоо иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: