super.kg logo

Баткенде Рават - Ак-Сай жолунун курулушу жүрүп жатат

 

Баткен районунун Рават - Ак-Сай жолунун курулушу үстүбүздөгү жылдын 27-январында башталган. Жалпы узундугу 25 чакырымды түзгөн жолдун 9 чакырымы бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолго 20 миллион сом сарпталган. Жалпысынан республикалык бюджеттен Рават - Ак-Сай жолуна болжол менен 480 миллион сом каралган.

Учурда жолдун курулушун Жалал-Абад курулуш-монтаждоо башкармалыгы аткарып жатат. Ага 8 техника тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: