super.kg logo

Ош. "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин видеожыйнагынын бет ачары өтөт

 

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарындагы «Кыргыз-түрк достугу» атындагы №52-мектепте "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин видеожыйнагынын бет ачары өтөт. Саамалык кыргыз элинин руханий маданиятынын туу чокусу болгон «Манас» эпосун сактоо, изилдөө, аны кеңири жайылтуу жана Кыргызстанды 2012-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү боюнча улуттук программаны аткаруу максатында өткөрүлөт. Ага белгилүү манасчылар Рыспай Исаков, Кубанычбек Алмабеков, Камил Мамадалиев, Улан Исмаилов жана Базарбай Солпуевдер катышышат.

Үчилтиктин видеожыйнагы менен окуучулар тааныштырылып, дисктер мектептерге акысыз таратылат. 

Иш-чарага шаарыбыздагы ар бир мектептен "Манас" айткан окуучулар, ошондой эле кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: