Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча кеңештин жыйыны өтөт
Бишкекте бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Анарбек Калматовдун жетекчилиги астында Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча кеңешинин (SIA) жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, SIA – чакан жана орто бизнеске инвестиция тартуу боюнча кеңеш. Ага Швейцариянын Тышкы иштер департаменти колдоо көрсөтөт. Ал 2013-жылдын сентябрь айында ишке киргизилген.
Жыйынга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.