Каракол шаарында “Ашлямфу-Сити” аянтчасы ачылат
Каракол шаарында өткөн жуманын соңунда ишкерликти
өнүктүрүү максатын көздөгөн "Startup Weekend" иш-чарасынын алкагында “Ашлямфу-Сити”
долбоорунун авторлору аянтча куруу үчүн
500 доллар утуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде долбоордун
уюштуруучуларынын бири Мирсулжан Намазаалы маалымдады. Анын айтымында, "Startup Weekend" Ысык-Көлдө алгачкы жолу өткөрүлдү жана ага катышууга 60тан ашуун ар кандай сунуш келип түшкөн. Анын ичинен 35и
презентациясын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Презентациядан 15и иргелип, анын ичинен 1, 2, 3-орундардын ээлери табылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
“Буга чейин ашлямфу тамагы базардын ичинде, эч кандай санитардык эрежелер сакталбай жасалып келген. “Ашлямфу-Сити” аянтчасы ачылып, санитардык эрежелердин сакталышы менен тамактын бул түрү заманбап ыкма менен сатыла баштайт. Ошондой эле ал жайга эӊ мыкты ашпозчулар жалданмакчы”,- дейт Мирсулжан Намазаалы.
Эгер алар Бишкекте өтө турган сынакка да ийгиликтүү катышса, дагы 500 миң сомго ээ болушат. Ал эми сынактын финалы сентябрдын башында Бишкекте өтөт. Анын жеӊүүчүсү чет өлкөгө жолдомо алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
8

Комментарийлер(2)
nurali20

15.04.2014. 15:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кабар экен.Колдун аш-лямфусун жеген да арманда,жебеген да арманда.
zhanka1234

15.04.2014. 17:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Караколдун ашлянфусу олло сонун да))..озгочо Пржевальский/Горькийдеги...элдин кобу эле ошол жакка барат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.