Билим берүү министрлиги Орусиянын регионалдык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташууну талкуулады
Билим берүү жана илим министрлиги Орусиянын регионалдык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кечээ, 16-апрелде билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, эки тарап Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын Орусия Федерациясынын регионалдык окуу жайлары менен кызматташууну талкуулады. Канат Садыков КРдагы жогорку жана кесиптик билим берүү жөнүндө кыскача маалымат берип, өлкөнүн өнүгүшүнө керек болгон адистиктер жөнүндө кеп козгоду.
Ошондой эле эки тарап билим берүү мекемелери арасындагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.