super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Таш-Көмүрдө эки күндүк машыгуунун алкагында арыктар тазаланды

 

Таш-Көмүр шаарынын жарандык коргонуу боюнча 2014-жылга түзүлгөн даярдоо планына ылайык «Шаардык башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана катталгандагы иш- аракеттери» деген аталышта командалык-штабдык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу 17-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Эки күнгө созулган машыгуунун штабдык бөлүгүндө Шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын иш кагаздары текшерилди. Ал эми практикалык иш-чарада жаратылыш кырсыгынын кесепетинен зыян келтирилген Таш-Көмүр шаарынын Токтогул көчөсүндөгү ички негизги чарбалык унаа жолуна габион торчолору орнотулуп, жээктери калыбына келтирилди. Ошондой эле акыр-чикирге толгон арыктар тазаланды.

ӨКМнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысы Нурканбек Медетбеков: “Жалпысынан машыгуу максатына жетип, кемчилик кетирген Жарандык коргонуу кызматтарына эскертүү берилди. Машыгууга толук кандуу катышып, берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарган кызматтарга жана мекеме-ишканаларга алкыш”,- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: