Легендарлуу машыктыруучу Алекс Фергюсондун шарап коллекциясы 5 миллион долларга бааланууда

Англиялык “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун мурунку машыктыруучусу Алекс Фергюсондун шарап коллекциясы аукционго коюлат. Шарап коллекциясы жана экс-машыктыруучунун колу коюлган баалуу белектер жалпысынан 5 миллион долларга бааланып жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Аукцион 3 баскычтан туруп, алгачкысы 24-майда Гонконгдо (Кытай) өтөт. Анда аукционго коюлган ичимдиктин басымдуу бөлүгү сатылат. 30 пайызы июнь айында Лондондо сатылары күтүлүүдө. Азиялыктардан көбүрөөк кызыгууну күтүп жаткан аукциондун уюштуруучулары бул иш-чара Алекс Фергюсонду сыйлаган футбол сүйүүчүлөрүнүн эле эмес, шарап сүйүүчүлөрүнүн да кызыгуусун арттырарына үмүттөнүшөт.
Фергюсон 75 пайызы италиялык жана франциялык шараптардан турган коллекциясын 24 жыл аралыгында чогулткан. “Менин бүйүрүмдү кызытууда шарап футболдон кийинки орунда турчу. Машыктыруучу катары иштеп жүргөндө көп ойлордон алаксыганга дал ушул ичимдик жардам берчү” деп айтып келгени бар шотландиялык адистин. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Kutman88

18.04.2014. 14:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол винону ичип алган адам бир омур мас болуп журсо керек э
Turtkuch

18.04.2014. 14:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал бир ботолко шарап эмес, шарап коллекциясы болгон сон коптогон ботолко болот ар кайсы жылдарга, ар кайсы жузум чарбачылыгы, династиясына таандык, ошондо ар бир ботолко 2000-100000 аралыгында болот болуш керек, аларды акчалуулар алат да, бизге окшогондор бир омур жыйып тергенин бир бутылкага алмаштырбай калды. Кыргызстандан барам десе Бабанов, Салымбеков, Атамбаев, Ч.Турсунбеков, Ж.Сатыбалдиев, Кадыржан Батыров ж.б. кучтуулор барса болот, алар учун 100 000$ 1 жумалык доходу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.