Голливуд жылдызы Брэд Питт өзү менен жолугушууну 25 миң долларга баалоодо
Голливуд жылдызы Брэд Питтин эки күйөрманы актёр менен жолугуша алат. Бирок аны менен жолугушуу үчүн күйөрманы 22-апрель күнү Питт түптөгөн "Make It Right" кайрымдуулук уюмунун эсебине 25 миң доллар которушу шарт. Бул акцияга катышкандардын ичинен эки адам тандалат. Аларга 6-майда АКШнын Жаңы Орлеан шаарына барып, андагы отелдердин биринде 3 күн эс алып, Питт менен бирге кайрымдуулук ишине катышууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, актёр "Make It Right" кайрымдуулук уюмун 2007-жылы Жаңы Орлеанда болгон катуу шамалдан жапа чеккендерге жардам кылуу максатында түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:22
2026-09-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Desmond
18.04.2014. 18:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















