super.kg logo

Бишкекте “Кыргызстандын келечеги биримдикте” аттуу ынтымак жыйыны өтөт

 
Бишкектеги Тарых музейинин жыйындар залында 23-апрель күнү “Кыргызстандын келечеги биримдикте” аттуу ынтымак жыйыны өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты. 

Жыйындын максаты - алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердеги революция жана төңкөрүштөрдөн соң, өлкө ичиндеги саясий туруксуздуктан улам жалпы Кыргызстан элин ынтымакка жана биримдикке үндөө. 

"Акыркы күндөрү чет мамлекеттердеги саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкө ичиндеги айрым саясий күчтөрдүн опурталдуу чакырыктарынан улам эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгына шек келүүдө. Мамлекеттүүлүктүн сакталышына жана элдин бекем биримдигине умтулган жарандар ынтымак жыйынын өткөрүшмөкчү" деп айтылат маалыматта.

Жыйынды "Калыс" саясий кыймылы жана Кыргызстан калкынын ассамблеясы уюштурууда.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: